Турак жайын камсыздандыргандарга 20 млн сомдон ашык каражат төлөндү

Турак жайларды милдетүү камсыздандыруу боюнча 2025-жылы 183 камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, өлкө боюнча жарандарга жалпысынан 20,27 млн сом төлөнүп берилди.
Бүгүнкү күндө турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдердин саны 372 миң 213кө жетти.
Өлкөдө жалпы турак жайлардын саны 1 млн 251 миң 515ти түзөт.