Туманбаев: Жарандар катталган жеринен гана ипотекалык компания аркылуу батир ала алышат

 Туманбаев: Жарандар катталган жеринен гана ипотекалык компания аркылуу батир ала алышат

Бишкек шаарында каттоосу жок жарандар катталган жеринен гана ипотекалык батир алуу үчүн кезекке туруп, батир ала алышат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбуктагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында каттоосу болгон жаран гана борбор калаадан ипотекалык батир ала алат.

“Борбордо жылдан-жылга элдин саны да, кезекте тургандардын саны да көбөйүп баратат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык облустарына ипоткалык үйлөр курулуп жатат. Ошол катталган жер боюнча батир алуу үчүн кезекке туруңуздар”, – деди Туманбаев.

Ошондой эле түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, үлүштүк курулуш боюнча батир алуучулардын кезеги жок экендигин президенттин Иш башкармалыгынын башчысы билдирди.

“Үлүштүк курулуш же батирдин 50 пайызын төлөп алган жарандарыбыздын бүгүнкү күндө кезеги жок. Аларда бир эле шарт бар, акыркы 3 жылдын ичинде кезекке турган адамдын наамында эч кандай үй, жер катталган болбошу керек. Ал эми автоунаа катталган болсо эч нерсе болбойт. Алар дароо 50 пайызын төлөйт дагы калган 50 пайызын 15 жылга бөлүп төлөө каралган”, – деди ал.

Түз эфирде маалым болгондой, учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниядагы жарандардын кезектери өз нугунда жылып бара жатат жана март айынын аягында кезектеги батирлер өз ээлерине берилет.

Связанный пост