Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 11 айда 112 млн сом түштү
Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында 11 айдын ичинде өлкө казынасына 12 млн 185 миң 331 сом түштү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2024-жылдын 11 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 636 800 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 7 374 протокол түзүлдү.
Ошондой эле, эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 112 млн 185 миң 331 сом (2023-жылдын 11 айында — 55 789 101 сом) чегерилди.
Эске салсак, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейт.