Транспорт министрлигине 10 айда 19,5 млрд сомдон ашуун бөлүндү

 Транспорт министрлигине 10 айда 19,5 млрд сомдон ашуун бөлүндү

Финансы министрлигинин маалыматына ылаййык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин такталган бюджети 10 айдын жыйынтыгы боюнча 2024-жылы 19 595,6 млн. сомду түзөт, алардын ичинен:

–  учурдагы бюджет – 5 064,5 млн. сом;

– “мамлекеттик инвестициялар” линиясы боюнча – 8 238,1 млн. сом;

– “капиталдык салымдар” беренеси боюнча – 2 880,0 млн. сом;

–   казыналык облигацияларды чыгаруу-3 413,0 млн.сомду түзгөн.

 

Транспорт министрлигине учурдагы бюджет боюнча 2024-жылга 4 450,9 млн.сом каралган, анын ичинен Жол фондунун каражаттары 3 981,3 млн. сом. Ошондой эле Жол фондунун булактарынан кошумча түшүүлөрдүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен Жол фондунун бюджети 605,0 млн.сомго көбөйтүлгөн.

Жолдорду күтүүгө жана оңдоого, анын ичинде битумду сатып алууга 2024-жылга Жол фондунун бюджетинен 3 271,3 млн.сом каралган.

 

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жол-курулуш техникаларынын паркын жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  буйругу менен жалпы суммасы 4 782,0 млн.сомго жол-курулуш техникаларын жана жабдууларын сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган. 2023-жылы 247 даана жол-курулуш техникасы жана 18 даана асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу завод жана бетон заводу сатылып алынган, алар бүгүнкү күндө келишимге ылайык квартал сайын төлөнүп турат. Мындан тышкары, дагы 447 даана жол-курулуш техникасын жана 4 асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводду сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. 2024-жылга техника алууга жол фондунун бюджетинен 1 168,3 млн.сом, каралган.

 

2024-жылдын 31-октябрына карата 2024-жылга каралган каражаттардын алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

– учурдагы бюджет боюнча жолдорду асфальттоо – 148,2 км;

– “мамлекеттик инвестициялар” линиясы боюнча жолдорду асфальттоо – 149,0 км;

– “капиталдык салымдар” беренеси боюнча жолдорду асфальттоо – 410,5 км;

– Жол устун бодурлоо иштери (ШПО)- 21,3 км;

– чуңкурларды оңдоо-138,3 миң м2;

– учурдагы бюджет боюнча 14,6 миң тонна көлөмүндө битум сатып алуу;

– графикке ылайык техниканы сатып алууга кварталдык төлөм, ошондой эле 451 техника сатып алууга аванстык төлөм;

– жолдорду жайкы жана кышкы күтүү иштери аткарылды.

Связанный пост