Транспорт министрлиги 2025-жылы артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо

 Транспорт министрлиги 2025-жылы артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо

2025-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда.

Аталган министрликтин маалымат жыйынында белгиленгендей, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу, Бишкек –Ош жолунун Суусамыр тилкесин (100 чакырым) оңдоо, Ош – Баткен – Раззаков жолунун (28 чакырым) калган бөлүгүн куруу, Лебединовка ГЭС 5 жолун реконструкциялоо, Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү, Ысык-Көл айланма унаа жолунун (Барскон-Каракол участогу, узундугу 75,2 чакырым) жана Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун (93 чакырым) тилкелерин реконструкциялоо иштери башталды.

“Жалпысынан ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлор улантылып, өлкөдөгү жол-транспорттук инфраструктура жакшыртылат”, – деди транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев.

Связанный пост