Транспорт министринин биринчи орун басары кармалды
Нарын шаарындагы жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жасоодо мыйзамсыз иштерге шектелгендер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-2025-жылдарда Нарын шаарындагы Ж.Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштерин текшерүү штеринин алкагында УКМК жана ИИМдин Нарын ОИИБ тарабынан “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2025-жылдын 31-август күнү Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Нарын шаарындагы Шералиева жана Ленин көчөлөрүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шектелип транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары С.Т. жана «Бета-Групп» ЖЧКнын аткаруучу директору М.А. кармалды.
Кармалгандар Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдардын тийешеси бардыгы боюнча УКМК жана Нарын ОИИБ тарабынан ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.