Транспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер берилет

 Транспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер берилет

Транспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мындай жеңилдиктер президент Садыр Жапаровдун “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгында каралган.

Тактап айтканда, жарлык төмөнкүлөрдү камтыйт:

– үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу;

– жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автомототранспорт каражаттарын сатууда алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу;

– Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу.

Связанный пост