Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жогорулады

 Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жогорулады

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) республика боюнча жалпысынан керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 3,3% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 4,9%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге – 3%га, азык-түлүк эмес товарларга – 1,9%га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1%га өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалган.

Мында баалардын максималдуу 4,4%га өсүшү Талас облусунда катталган, бул тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баанын 7,4%га өсүшүнөн улам.

Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баанын максималдуу өсүшү Ош шаарында 7,2%га, азык-түлүк эмес товарларга Ысык-Көл облусунда 3,1%га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин 4,3%га Нарын облусунда белгиленди.

Связанный пост