Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин улантууда

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 11-декабрынан 19-декабрына чейин Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны өттү.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын андан ары мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн өткөрүү боюнча материалдарды даярдоого киришти.

Тараптар бул ишти Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүү кырдаалында өттү.

Связанный пост