Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

 Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 17-декабрдан 19-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Тактап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда;
  • 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүшү күтүлөт.

Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Связанный пост