Токтогулда жаңы заманбап стадион ачылды

Кечээ, 14-сентябрда Токтогул шаарында толугу менен жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадион салтанаттуу түрдө ачылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, жаңы аренадагы алгачкы оюн – «Токтогул» менен «Базар-Коргон» командаларынын беттеши менен уланды.

Ташиев бул стадион жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, улуттук биримдикти жана достукту чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.

Жаңы стадион тууралуу:

  • Жалпы аянты — 2 гектар;
  • Отургучтар саны — 3 450;
  • VAR-системасы, медиа жана VIP-бөлмөлөр менен жабдылган;
  • Жасалма чөп жана кечки жарык берүүчү система орнотулган:

Белгилей кетсек, бул спорттук комплекс 1980-жылы курулган эски стадиондун ордуна салынып, 2024-жылдын май айында Ташиев менен Жапаровдун демилгеси аркылуу кыска убакытта модернизацияланган.

Связанный пост