Токтогулда картошканын герезо түрүнөн жогорку түшүм алынды

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 3+2+1 долбоорунун алкагында герезо сортундагы картошка өстүрүлдү.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, 29-апрелде Голландиядан алып келинген 3-репродукциядагы үрөн гектарына 3 тонна себилген. Гербициддер жана инсектициддер колдонулуп, өсүмдүк кошумча азыктар менен камсыздалган.
Жыйынтыгында ар гектардан 35 тонна түшүм, жалпы 105 тонна картошка алынды. Таза киреше — 2,55 млн сом, рентабелдүүлүк — 425 пайызды түздү.
Фермердин айтымында, герезо сорту түшүмдүүлүгү жогору жана сактоого туруктуу. Кийинки жылы айдоо аянтын кеңейтүү пландалууда.