Токтогул суу сактагычында 11 млрд кубометр суу топтолду

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,03 млрд кубометрди түзөт, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Мындай маалыматты Энергетика министрлиги 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, ошол эле учурда эксперттер жакынкы айларда суунун агып келүү көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн экенин белгилешет.
Жыйында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын даярдыгы, ошондой эле көмүр жана мазут менен камсыздоо маселелери талкууланды.
2025-жылы республикада электр энергиясын керектөө 18,9 млрд кВт/саатка жетет деп күтүлүүдө, ал эми ушул жылдын 7 айында электр энергиясын иштеп чыгуу 9,24 млрд кВт/саатка жетти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигине, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, ошондой эле жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүп, отун даярдоону камсыздоону тапшырды.