Токтогул ГЭСинин №1-гидроагрегаты ишке кирип, 60 МВт кубаттуулук кошулду
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСнин №1-гидроагрегаты ишке киргизүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул ГЭСинин №1-гидроагрегатынын реконструкциялоо иши ийгиликтүү аяктап, кубаттуулук 60 МВтка көбөйдү.
Токтогул ГЭСинин №1-гидроагрегатын реконструкциялоо иши 2024-жылдын март айында башталып, реконструкция жана жаңылоо долбоорун GE Hydro компаниясы ишке ашырды.
Министр Ибраев гидроагрегатты реконструкциялоо оңой иш эмес экенин баса белгилеп, энергетиктердин мындан аркы ишине ийгилик каалады.
Маалымат үчүн: Токтогул ГЭСи – Нарын дарысындагы эң ири гидроэлектростанция, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан. Суу сактагычынын көлөмү 19,5 млрд м3, мурда (реконструкцияга чейин) кубаттуулугу 1200 МВтты түзүп, ар бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан болгон төрт агрегаттан турган.
Эске салсак, буга чейин станциянын эки гидроагрегаты жаңыланып, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 120 МВт кошулган. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСде 1-ГА реабилитациялоодон өтүп, дагы 60 МВт кошулду. Жалпысынан Токтогул ГЭСинин 3 ГАсы реконструкцияланып, 180 МВТ кошулду. Алдыга коюлган панга ылайык, төртүнчү ГАны реконструкциялоо иши 2025-жылы башталат. Модернизациялоо долбоору аяктаса ГЭСке жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат.