Токтогул ГЭСине суунун үстүнө калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат

 Токтогул ГЭСине суунун үстүнө калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат
2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев Германия Федеративдүү Республикасына иш сапар менен барды.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Sonnenergie, a.s.”, “AB Progressio GmbH”, “LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG” компанияларынын, “СЭС Токтогул” ачык акционердик коомунун, “СЭС Токтогул КГ” ачык акционердик коомунун ортосундагы эки калкып жүрүүчү күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Кол коюлган документтин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын жашыл энергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электр энергиясын импорттоодон көз карандылыкты кыскартуу, энергетикалык коопсуздугун жана көз каранды эместигин бекемдөө болуп саналат.
Тийиштүү документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев, “Sonnenergie, a.s.” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ян Зоненшаин мырза, инвестор AB Progressio GmbH, башкаруучу өнөктөш Арнольд Беренс, LTI ReEnergy CleanTech Projekt Development UG компаниясынын башкаруучусу Михаэль Белльмер, «СЭС Токтогул» ЖЧК, «СЭС Токтогул КГ» ЖЧКнын башкы директору Ануар Топеев кол койду.
Долбоордо 612 МВттык эки фазадан турган сунун үстүнө күн электр станциясын куруу пландалууда. Куруу иштери төрт жылга чейин созулат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Siemens Energy Global GmbH & Co. KG” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Меморандум энергетика тармагындагы долбоорлорду изилдөөгө жана ишке ашырууга багытталган. Документке КРнын энергетика министри Т.Ибраев жана “Siemens Energy Global GmbH & Co. KG” компаниясынан Түркия жана Борбордук Азия субрегионунун вице-президенти Максим Зубов кол койду.

Связанный пост