Токмоктогу мунай заводунда суюлтулган газ өндүрүү пландалууда

Токмок шаарындагы “Токмок мунай иштетүү заводу” ЖЧКсы суюлтулган газ өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу күн мурун мэрдин биринчи орун басары Азамат Намазалиевдин аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.

Завод Токмок шаарынын өнөр жай аймагында жайгашып, аянты 24,6 гектарды түзөт. Ишкананын негизги ишмердүүлүгү — мунайды кайра иштетүү. Завод 2018-жылдан бери чийки заттын туруктуу камсыз болбогондугунан жана анын жогорку баасы өндүрүштү кирешесиз кылгандыгына байланыштуу ишин токтоткон.

Белгилүү болгондой учурда нефтебазаны кайра жандандыруу максатында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.

“Заводду толук ишке берүү 2026-жылга пландалып, суюлтулган газ өндүрүү тармагын ишке киргизүү каралууда”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост