Токмокто базальт буласын чыгаруучу ишкананын курулушуна старт берилди

Жыл башынан бери инвестициянын жалпы көлөмү 334,4 миллион долларды түзгөн 77 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 6 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Базальт ишканасынын курулушу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ жана Кыргызстанды индустриялаштыруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жаңы этабынын башаты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Токмок шаарында “Базальт Эвотек” ишкананын курулушуна мезгил кутучасын салуу учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда биринчи ири масштабдуу үзгүлтүксүз базальт буласын чыгаруучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуудабыз. Долбоор экономиканы диверсификациялоо, инвестиция тартуу жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Анын айтымында, жаңы ишканалар аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошууда. Улуттук статистика комитеттин алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылдын январынан августуна чейин өлкөнүн ИДПсы 1 триллион сомдон ашты, экономиканын реалдуу өсүшү 11%ды түздү.

Өнөр жай өндүрүшү 11,5%га өстү, ишканалар 437,1 млрд сомдук продукция чыгарышты. Ишкананын курулушу үчүн инвестициянын көлөмү 42 миллион долларды түзүп, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна базальт буласын чыгарат.

“Бул ишкананын курулуш тармагы үчүн мааниси чоң. Ата мекендик базальт буласын өндүрүү импортко болгон көз карандылыкты азайтып, базар баасын турукташтырат”, – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал Министрлер Кабинети тарабынан 2024–2030-жылдарга “Базальт буласы жана материалдары” мамлекеттик программасы бекитилгенин, анын максаты жаңы өнөр жай секторун түзүү, импортко көз карандылыкты азайтуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү экенин эске салды.

“Бүгүнкү ишкана бул программаны ишке ашырып жаткан алгачкы долбоорлордун бири. Мамлекет келечектүү жана стратегиялык демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт”, – деди МинКаб Төрагасы.

Адылбек Касымалиев Чүй облусу өлкөнүн өнөр жай борбору экенин, Токмок шаары тарыхта өнөр жайды өнүктүрүүдө негизги ролду ойноп келгенин кошумчалады.

“Токмок кайрадан өнөр жай борбору статусуна ээ болууда. Стратегиялык жайгашуусу, логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жана жумушчу күчүнүн аркасында шаар Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы өнөр жай борборуна айланууда”, – деп кошумчалады ал.

“Ар бир жаңы ишкана – бул ишенимдин, талыкпаган эмгектин жана жаркын келечектин символу. Биз жаңы Кыргызстанды – өз каражаттарына жана жарандарына ишенген өлкөнү куруп жатабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.

Связанный пост