Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 000 сом алып жаткан жеринен кармалган.
Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин уулу А.Рды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.
Кармалган М.Д.К. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Связанный пост