Тоң районунда сел жүрдү

 Тоң районунда сел жүрдү

Бүгүн, 11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районундагы Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүргөн.

 

ӨКМден билдиришкендей, жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

 

Мындан сырткары, “Кыргыз Жол Курулуш” ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды.

Связанный пост