Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

 Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл областынын Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Бөкөнбаев айылында жайгашкан “Киров” бала бакчасы 2005-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 7 млн 400 миң сомду түзгөн аталган бала бакчанын имараты жана 5631,60 м2 жер участогу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.

 

Связанный пост