Тоң районунда абал турукташып, эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышты

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айыл аймак тарабынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, коктудан түшкөн суунун нугун Тоң суусуна буруп, суу каптоо коркунучу жоюлган.
Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт көзөмөлдөөдө.