ТМУнун кезектеги Саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Габала шаарында (Азербайжан Республикасы) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммитине катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:
– Түрк мамлекеттер уюмунун Габала декларациясы;
– “ТМУ+ (OTS Plus)” форматын баштоо жөнүндө чечим;
– ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмун бекемдөө жөнүндө чечим.