ТМУнун бейформал Саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын бейформал Саммитине катышты.

 

Бейформал Саммит Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында өттү.

 

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

 

1. Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал Саммитинин Карабах Декларациясы;

 

2. Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын штаттык санын жана бюджетин көбөйтүү тууралуу чечим;

 

3. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттер менен

Түркмөнстандын ортосундагы кызматташуу жана эл аралык автомобиль ташуу чөйрөсүндө электрондук уруксатты (Е-Permit) пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Связанный пост