ТИМде чет өлкөлөрдөгү даярдыктар талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштурууга арналган штабдын жыйыны өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга видеоконференция форматында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Анда Кулубаев алдыдагы шайлоо процессинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстадын жарандарын чет мамлекеттерде добуш берүүгө даярдоо жана уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Анын ичинде участкалык комиссия мүчөлөрүн окутуу, логистикалык маселелер, эл аралык байкоочулардын катышуусун камсыздоо жана шайлоону өткөрүүгө байланышкан башка уюштуруучулук аспектилер белгиленди.

Министрдин айтымында, кеңири даярдык иш-чараларынын жыйынтыгында мурда болуп көрбөгөндөй сандагы шайлоо участоктору түзүлдү: 34 өлкөнүн 89 шаарында 100 добуш берүү участогу ачылды. “Бул – чет өлкөдө жашаган же убактылуу жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын толук камсыздоого багытталган кадам. Алар консулдук каттоого турган-турбагандыгына карабастан, Кыргызстандагы жашаган жери боюнча каттоосу жана биометрикалык маалыматтары болсо, каалаган чет өлкөлүк тилкеде добуш бере алышат”, – деди ал.

Жыйындын жыйынтыгында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилип, анын ичинде шайлоо мыйзамдарын так сактоо жана добуш берүүнүн максималдуу ачык жана коопсуз өтүшүн камсыз кылуу талап кылынды.

Связанный пост