ТИМ жарандарга АКШда иммиграциялык көзөмөл күчөтүлгөнүн эскертет
Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына АКШда иммиграциялык көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн эскерткен билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, АКШнын федералдык иммиграциялык органдары ири шаарларда чет элдик жарандардын иммиграциялык макамын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.
Кыргызстандын АКШдагы мекемелери кабыл алуучу өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурлар боюнча мониторинг жүргүзүүдө.
Жарандардан кайрылуулар түшкөн учурда кызматкерлер ыкчам түрдө консулдук-укуктук жардам көрсөтүшөт, анын ичинде жарандардын укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берүү, ошондой эле Американын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык адвокаттык колдоо алууга көмөк көрсөтүшөт.
Министрлик жарандарды дагы бир жолу АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырат жана мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алуу максатында массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразычылык акцияларына катышпоону сунуштайт.
Жарандар эмнени эске алышы керек?
– Дайыма өздүгүңүздү тастыктаган документти жаныңызда алып жүрүңүз. Иммиграциялык макамыңыздын актуалдуулугун жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн текшерип туруңуз.
– Иммиграциялык органдар менен байланышта болгон учурда сабырдуулукту жана сылык жүрүм-турумду сактаңыз. Өз укуктарыңызды колдонуңуз. Адвокаттан консультация алууга укугуңуз бар, мазмунун түшүнбөй туруп документтерге кол койбоңуз жана өздүгүңүздү тастыктоо максатында берилген суроолорго гана жооп бериңиз.
– Консулдук жардам: эгер кармалып калсаңыз, Кыргызстандын консулдук мекемелерине дароо кабар берүүнү талап кылыңыз.
Ыкчам байланыш номерлери: Кыргызстандын АКШдагы элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42
Электрондук дарек: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg, kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg