ТИМ: Түндүк Кипрде жабыркаган кыргыз жаранынын маселеси көзөмөлдө
Түндүк Кипрде жабыркаган кыргыз жаранына байланышкан маселе көзөмөлдө турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-августта Ж.А. аттуу кыргызстандык Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде болгон кол салуунун натыйжасында бычактан жаракат алган. Жабырлануучу шашылыш түрдө ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түндүк Кипрдин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу окуянын жагдайларын тактап, зарыл болгон консулдук-укуктук колдоону камсыз кылууда.
Аталган факты боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
“Элчилик жабырлануучунун жакындары менен туруктуу байланышта болууда. Бул маселе министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат”, – деп белгилешти ТИМден.