ТИМ Кыргызстандын юридикалык жактарынын ЕБнын санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн билдирет

 ТИМ Кыргызстандын юридикалык жактарынын ЕБнын санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн билдирет

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын юридикалык жактарынын Европа биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактоодо жана Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Европа биримдиги Борбор Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүктү куруу жана анын ичинде биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү ниетин ырааттуу түрдө билдирип келет. Бул контекстте кыргыз тарап да Европа биримдиги жана анын мүчө-мамлекеттери менен тең укуктуу, өз ара урматтоо жана ишенимдүү өнөктөштүккө даяр. Мындай мамиле бир жактуу санкциялардан айырмаланып, өз ара пайдалуу максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстан фактылык жагдайларды текшерүү жана каралып жаткан чектөөчү чаралар ишенимдүү жана тастыкталган маалыматтарга негизделгендигин тастыктоо үчүн Европа биримдигин көз карандысыз, эл аралык таанылган аудитти өткөрүүгө расмий түрдө чакырат.

Кыргыз тарап үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди биргелешип баалоо боюнча “Кыргызстан – Европа биримдиги” адистештирилген биргелешкен техникалык жумушчу топ түзүүнү сунуштайт.

Связанный пост