ТИМ: Кыргызстандыктар Россияга кирүү үчүн ruID тиркемесине катталышы зарыл
1-июлдан тартып күчүнө кирген талапка ылайык, Кыргызстандын жарандары Россияга барардан 72 саат мурда ruID мобилдик тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүшү зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин үчүнчү катчысы Нургазы Жумалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда Россияда 502 миң кыргызстандык бар. Миграциялык талаптардын күчөтүлүшүнө байланыштуу жарандар Россияга кирер алдында тиешелүү жол-жоболордон өтүшү керек.
“Биздин жарандар Россияга миграцияга чыгар алдында 72 саат мурда тиркемени жүктөп алып, катталышы зарыл. ruID мобилдик тиркемесине катталууда кайсы жерде, канча убакытка жана кандай жумушка бара тургандыгы тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт”, – деди Жумалиев.
Ошол эле учурда ruID тиркемесине катталбай калуу же тиркеменин жоктугу Россиянын чек арасынан киргизбей коюуга негиз болуп саналбайт.
Жумалиевдин маалыматына ылайык, Россияга киргенден кийин чет өлкөлүк жаранга 30 күндүн ичинде эмгек келишимин түзүп, тиешелүү каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Андан кийин гана мыйзамдуу эмгек ишмердигин жүргүзө алат.
Ал ruID системасы бир жагынан миграциялык талаптарды күчөтсө, экинчи жагынан Россиянын аймагында мамлекеттик кызматтарды алууга ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
Маалымат үчүн: ruID — чет өлкөлүк жарандардын Россияга кирүүсүн каттоого жана өлкө аймагындагы миграциялык кызматтарды пайдаланууга багытталган расмий мобилдик тиркеме жана санариптик система.