ТИМ кыргызстандарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды

 ТИМ кыргызстандарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын ортосундагы чек арага чектеш райондордо куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оор болгондугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандарга  аталган өлкөлөргө баруудан баш тартууну туура болорун кайрадан эскертет.

ТИМ аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн КР жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт.

Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, транзиттик авиация аркылуу өтүү, Индия же Пакистан аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууда олуттуу кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын эске алууну белгилейт.  Аба каттамдары кырдаал турукташкандан кийин гана толук кандуу калыбына келери күтүлүүдө.

Кооптуулук жаралган учурларда жарандар КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө төмөнкү ишеним телефондору аркылуу кайрылса болот:
– КР Индиядагы элчилиги: +91 95999 21779;
– КР Пакистандагы элчилиги: +92 0333 5209903.

Связанный пост