ТИМ Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын абалы кандай экендигин кабарлады
Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын абалы кандай экендигин кабарлады.
Мекеменин маалыматы боюнча, Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын ичинен А.Р. жана О.Т. аттуу эки адам тирүү, ал эми дагы бир жарандын абалы тууралуу маалымат такталып жатат.
Учурда Казакстанда тиешелүү органдардан турган республикалык штаб түзүлдү. ТИМ Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги коңшу өлкөнүн мамлекеттик органдарынан мекендештер боюнча расмий маалыматтарды алуу максатында байланышта экендигин билдирди.
ТИМ ачык булактардагы маалыматтарга таянып, учакта Азербайжан, Россия, Казакстан, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандары болгонун белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстандын жарандары элчиликтин +7 776 124 88 33 номерине байланышка чыгып, жардам же кеп-кеңеш алса болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Казакстандын Мангистау облусундагы Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный каттамы боюнча багыт алган учак кырсыкка учураган. Жалпысынан учакта 67 жүргүнчү болгону айтылууда.