ТИМ АКШдагы мекендештерди нааразылык акцияларынан алыс болууга чакырды

 ТИМ АКШдагы мекендештерди нааразылык акцияларынан алыс болууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бир катар шаарларында уланып жаткан көчө демонстрацияларына байланыштуу өлкө аймагында жүргөн кыргыз жарандарына өз коопсуздугун сактоого чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, терс кесепеттерге жол бербөө максатында ТИМ Кыргызстандын жарандарын массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразылык акцияларына катышуудан баш тартууну, өздүгүн тастыктоочу документти дайыма алып жүрүүнү жана иммиграция статусунун учурдагы абалын жана уруксат берүүчү документтеринин колдонуу мөөнөтүн текшерип турууну сунуштайт.

Зарыл болгон учурда дароо Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылыңыз. Ыкчам байланыштар:

  • Кыргызстандын АКШдагы элчилиги (Вашингтон шаары): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-29-24;
  • Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42;
  • КР ТИМинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002;
  • Электрондук почта: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg, kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Связанный пост