Тигүү жана текстиль тармагындагы жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби өзгөрдү

 Тигүү жана текстиль тармагындагы жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби өзгөрдү

Текстиль жана тигүү тармагында ишкердик жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, жаңы тартипке ылайык, 20-сентябрга чейин аталган тармактагы жеке ишкерлер жалданма жумушчулары үчүн киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча STI–161 формасы менен ай сайын отчет тапшырууга милдеттүү.

Мындан тышкары, алар “Тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкери” тарифин алуу үчүн Салык кызматынын жергиликтүү башкармалыгына арыз менен кайрылышы керек.

Тариф жалданма кызматкерлердин акыркы алынган камсыздандыруу полистеринин мөөнөтү аяктагандан кийин күчүнө кирет. Эгерде жеке ишкер жалданма жумушчулары үчүн алдын ала камсыздандыруу полисин сатып алган болсо, анда отчеттуулукка бул полистердин мөөнөтү бүткөндөн кийин гана өтөт.

• Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары мурдагы камсыздандыруу полисинин ставкаларына окшош бойдон калат;

• Камсыздандыруу төгүмдөрү отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин төлөнүшү керек;

• Киреше салыгы жана отчет отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин берилет.

Связанный пост