Тигүү жана текстиль тармагында иш кагаздары жөнөкөйлөтүлдү
Тигүү жана текстиль тармагында иш кагаздары жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ай сайын салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча отчетту STI-161 формасы менен онланй тапшыруу ишке кирди.
Жаңы «Тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкери» тарифине өтүү үчүн — салык кызматына арыз берүү гана жетиштүү.
Эскертүү:
– Камсыздандыруу төгүмдөрү ар айдын 15ине чейин,
– Киреше салыгы жана отчет — айдын 20сына чейин төлөнөт.