Тигүү тармагында расмий иштегендер аз

 Тигүү тармагында расмий иштегендер аз

Өлкөдө тигүү тармагында 100 миңдеген адамдар эмгектенгени менен салык, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп расмий иштегендердин саны 9 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул тармакта ачыкка чыгып иштөө убактысы да келди.

“Тигүү тармагында 100 миңдеген адамдар иштейт деген сөздөр бар. Бирок, тилекке каршы расмий базабызда киреше салыгын, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп иштегендердин саны дээрлик 9 миңдин тегерегинде гана. Бул тигүү тармагындагы расмий иштегендердин саны. Бирок, ачыкка чыгып иштөө убактысы келди.

Азыркы реформалардын максатында салыктардын ставкаларын жогорулатуу деген маселе жок. Эң башкы маселе көмүскөдө жүргөн ишкерлерди ачыкка чыгаруу жана салык базасын кеңейтүү”,- деди Ысабеков.

Ошондой эле тармакта көйгөйлөр көп экендигин, экспорт боюнча Россия менен Казакстандын чек арасында маселелер кездешип жаткандыгын кошумчалады.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост