Террористтик уюмдун мүчөлүгүнө кирген Кыргызстандын жараны кармалды
“Телеграм” мобилдик мессенджери аркылуу “Ирак жана Левант ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү тарабынан ишке алынган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү багыты боюнча контртеррористтик иш-чараларды жүзөгө ашыруу процессинде А.Ч.К. аттуу кыргызстандык Телеграм мобилдик мессенджери аркылуу “Ирак жана Левант ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү тарабынан ишке алынганы аныкталган.
Ал интернет мейкиндиги аркылуу эл аралык террордук топтордун идеологиясын изилдеп, бир нече жолу согуш жүрүп жаткан аймакка чыгууга аракет жасаган, ошондой эле ок атуучу куралдарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издеген.
Мындан тышкары, А.Ч.К. ар кандай социалдык медиа платформаларынын активдүү колдонуучусу болуп, ал жерде “ИГИЛ” эл аралык террористтик уюмдун атрибуттары жана символдору чагылдырылган видеолорду активдүү тараткан. Анын жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, тыюу салынган “ИГИЛ” уюмунун желеги жана уруксат документтери жок травматикалык тапанча табылган.
Бул фактынын негизинде А.Ч.К.га карата кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Каракол шаарындагы №27 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.