Темир жол бекетиндеги өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылды
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борбору маалымдады.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:11де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2, Москва райондук №15 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам топтору тартылган.
Мындан сырткары Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи Май, Свердлов, Ленин, Октябрь райондук Өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды.
Тилсиз жоону өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.