Тажикстанга мал-жандык алып өтүүгө аракет кылган кылмыштуу топ кармалды

Баткен облусундагы УКМК башкармалыгы менен Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, эт жана мал-жандыктарды контрабандалык жол менен өлкөдөн чыгарып кетүү аракети токтотулду.
УКМКдан маалымдашкандай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында трансчек аралык кылмыштуу топ инженердик тосмолорду бузуп, Тажикстанга мыйзамсыз жүк өткөрүү каналын уюштурган. Узундугу болжол менен үч метрге жеткен тосмо атайылап демонтаждалып, контрабандалык жол ачылган.
Ошол канал аркылуу 15 баш бодо малды өткөрүүгө аракет кылган үч жаран “А.У.С.”, “Ж.Д.А.” жана “Г.Э.А.” кармалды. Учурда ыкчам-тергөө иштери улантылууда. Бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар бардык адамдар аныкталып, жоопкерчиликке тартылары айтылды.
Аталган кылмыштын кайталануусун болтурбоо жана акыркы убакта Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз аткезчилик фактыларынын көбөйүүсүн эске алып, УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы тарабынан малды контрабандалык жол менен ташыган жарандарга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Ыкчам иш-чараларга ылайык, облус аймагында аткезчиликке тиешелүү 31 жаран аныкталды. Аларга контрабандалык жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерден баш тартуу тууралуу эскертүүлөр берилип, мыйзамдарды сактоо боюнча милдеттенмелер алынды жана тиешелүү видео материалдар менен бекитилди.
УКМК эскерткендей, мындан ары чек ара аркылуу мал-жандыктары менен аткезчилик кылган жарандарга тиешелүү органдар тарабынан катуу чара көрүлөт.
Белгиленгендей, эт азыктарынын баасын турукташтыруу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында күч органдары тарабынан тиешелүү иш-аракеттер уланууда.