Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Бул даңазалуу майрамдын каада-салттары, үрп-адаттары жана бийик руханий идеалдары тарых бою элибизди аруулукка жана такыбалыкка, боорукердикке жана өз ара колдоого, асылдыкка жана ак ниеттүүлүккө үйрөтүп келет.
Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана көп кырдуу кызматташтык бул берекелүү майрамдын бийик баалуулуктарынын аркасында мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп жана кеңейе берерине ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.