Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады  

 Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады   

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

“Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата менин жылуу куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Бул күнү биз ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин,  патриоттугун жана баатырдыгын даңазалайбыз, согуш талаасында жана оорукта көптөн күткөн Жеңиш күнүн теңдешсиз эрдиги жана кайраттуулугу менен жакындаткандардын элесин терең ыраазычылык менен баалайбыз.

Убакыт сыноосунан өткөн тажик-кыргыз достук жана көп кырдуу кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин жана өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем”, — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине – бейпил асман, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү  каалады.

Связанный пост