Тажикстанда Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту

2023-жылдын 1-декабрында Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Связанный пост