Тажик аскерлери тарабынан жардырылган Ак-Суу дарыясындагы көпүрө ачылды
![Тажик аскерлери тарабынан жардырылган Ак-Суу дарыясындагы көпүрө ачылды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/whatsapp_image_2022-09-20_at_12_21_49-850x560.jpeg)
Баткенде Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ачылды. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине 7 бирдик атайын техника тартылган.
“Бүгүнкү күндө оор жана жеңил унаалар үчүн убактылуу көпүрө камсыз болду”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабылды Тиллаев аталган министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин координациялоодо.
Эскерте кетсек, аталган көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат. Ал 17-сентябрда тажик аскерлери тарабынан жардырылган.