Ташиев Жалал-Абаддын жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өткөрдү

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Жалал-Абад облусунун жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагына АТРдин алкагында кошулган айылдарды картадан көрсөттү.

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын башкы планын түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ал шаардагы курулуштар белгилүү бир тартип менен жүргүзүлүшү керектигин айтып, эгер башкы план алдын ала даярдалбаса, келечекте олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарына суу тартуу маселеси да көтөрүлдү. Шаар тургундарын таза суу жана чарбалык суу менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имарат 30-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Ал эми бүгүн, 1-сентябрда ошол имаратта алгачкы жыйын өтүп, анда негизги маселе катары Жалал-Абад шаарынын башкы планы талкууланды. Тапшырмаларды тез арада аткаруу милдеттендирилди.

Связанный пост