Ташиев: Ворух анклавы боюнча көптөгөн катаал сүйлөшүүлөр жүрдү

 Ташиев: Ворух анклавы боюнча көптөгөн катаал сүйлөшүүлөр жүрдү

Ворух анклавы боюнча көптөгөн катаал сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Ворух анклавында тажик тарап 1991-жылга карата 19 миң гектар жерди пайдаланып жүрүшкөн. Көптөгөн катаал сүйлөшүүлөрдүн негизинде аларга 14 миң 500 гектар жерди калтырдык. Мындан сырткары Ворух анклавынын айланасынан тажик тараптын суранычы боюнча тажик тарапка миң гектар жайыт жер берилди. Анын ордуна Чоң-Алай районунун Караган-Сай участогунан тажик тараптан миң гектар жайыт жер алынды”, – деди УКМК төрагасы.

Связанный пост