Ташиев Ош шаарында 3 эм төрөлгөн үй бүлөгө 3 бөлмөлүү батир белек кылды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош шаарында ушул жылдын 7-мартында төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай сыйлык жана Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир берди.

“Бул сыйлыктар сиздердин үй бүлөңүздөр үчүн колдоо катары берилип жатат. Балдарыңыздар менен мындан ары да бактылуу болуп, кыйналбастан жашаңыздар. Мындан ары дагы көнүл буруп, колдоо көрсөтүп турабыз. Сиздер уул-кыздарыңыздарды жакшылап тарбиялап, Мекен үчүн кызмат кыла турган, патриот, билимдүү, адеп-ахлактуу кылып өстүрөсүздөр деп ишенем…”- деди Камчыбек Ташиев.

3 эмдин атасы Гүлжигит Каримов Ош шаарындагы Жаза Аткаруу кызматында иштейт, апасы Айсана Султанова үй кожойкеси. Алардын жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз бала. Шаарда кичинекей, жашоо шарты жок болгон тамда турушканын айтышат. Берилген белектер үчүн өлкө башчысына жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Связанный пост