Ташиев: Кышында электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбейт

 Ташиев: Кышында электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбейт

Кышында электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындагы РЭСтин ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров бардык мамлекеттик органдардын алдына калкты сапаттуу тейлөөнү камсыздоо боюнча негизги милдетти койгон. Артыкчылыктуу багыттардын арасында энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурулат.

УКМК башчысы белгилегендей, акыркы жылдары өлкөнүн энергетика тармагы оор абалда калып, жаңыртуу жана модернизациялоонун жоктугунан имараттар жана электр тармактары жараксыз абалга келген.

“Акыркы 3-4 жылдан бери инфраструктураны оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Биз тармак туруктуу өнүгүү жолуна түшө турган этапка чыктык. Быйыл суу сактагычтарда суу аз болгонуна карабастан, кышында электр жарыгын өчүрүүгө жол бербөө керек. Биз калк үчүн кыйынчылыктарды жаратпашыбыз керек”, — деп баса белгиледи Ташиев.

Связанный пост