Ташиев Кара-Балтадагы Балдар чыгармачылык үйүнө барды

Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Ташиев К.К. Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүндө болду.

Иш сапардын алкагында УКМКнын башчысы генерал-лейтенант К.Ташиев аталган борбордун жетекчилиги менен жолугушту. Өз кезегинде атайын кызматтын башчысына студенттердин колунан жаралган ар кандай чыгармалар тартууланып, ошондой эле музыкалык аспапта комузда ойногон музыкалык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү, жана көптөгөн таланттуу балдар райондук, облустук, республикалык ар кандай кароо-сынактарга катышып байгелерге жана ардактуу орундарга ээ болуп келе жатышкандыгы айтылды.

Өз кезегинде УКМКнын башчысы К.Ташиев Балдар чыгармачылык үйүнө окуучулар үчүн компьютердик класс ачуу, жаңы комуз, интерактивдүү доска жана бул борбор үчүн эмерек сатып алуу түрүндө жардам көрсөтүп, дагы да келечекте бул борборго дагы керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Связанный пост