Ташиев: “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынан 4 метр жер берип, ордуна 750 гектар жер алдык

“Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынан 3-4 метр жер берип, ордуна 750 гектар жер алдык. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, “Ак-Суу” дарыясынын суусу башынан баштап ортосунан бөлүнүп келет дагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына келгенде бөлүнбөй калат. Алар ортосунан бөлөбүз десе, биз бөлбөйбүз деп эки жылдай талашып жүрдүк. Акыры эгер бөлө турган болсок, анда бизге компенсация бересиңер деп ошол жердеги 3 люкту 1,5 люктан кылып бөлдүк. 1,5 люк бизде калды, 1,5 люкту тажик бердик. Ал жер 3 метр же 4 метрге жетпеген жер. Ошонун эсебинен алардан 750 гектар алдык”, — деди Ташиев.
Тажикстандан алынган 750 гектар кайсы жерлердин тизмеси:
– Унжу-Булак участогунан 500 гектар жерди алдык. Бул Чоң-Алайдагы чырлуу жер болчу;
– Кароол-Дөң участогунан 100 гектар жер алдык. Бул Сүлүктүгө кире бериш жерде. Тажиктердин чек арасы жолдун үстүнө чейин болуп, мурда биздин жолдун үстүнөн бизди карап турушчу. Ошону 100 гектарга чейин ичине киргизип, негизги трассанын боюнан жылдырдык;
– Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алдык. Катта-Туз бирде тажиктерде, бирде бизде болуп ызы-чуу болуп жүрчүбүз. Документтердин баарын текшерип чыксак, ал участок бизге бөлүнгөн эмес экен. 600 гектарды ээлейт, ал жакта нефть скважиналары бар. Буга чейин анын 300үн биз алып, 300ү аларда болчу. Компенсациянын эсебинен алардагы 300 гектардын дагы 150 гектарын алдык. Жыйынтыгында Катта-Туздун 450 гектары бизде калды.