Тамчыда Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун түзүү пландалууда

Юстиция министрлиги жана Улуу Британиянын элчилиги англис укугун өнүктүрүү жана эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.
Ведомстводон маалымдашкандай, меморандум “Тамчы” атайын каржылык-инвестициялык аймагынын (АКИА) алкагында түзүлдү.
“Тамчы” АКИА — бул Ысык-Көл облусунун аймагындагы өзгөчө укуктук режимге жана макамга ээ болгон аймак болуп, анын негизги максаты — инвестицияларды тартуу, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, туризмди, транспорттук жана курорттук инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.
“Тамчы” АКИА жөнүндө мыйзам бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды жана инвесторлордун, анын ичинде чет элдик инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун ишенимдүү кепилдиктерин түзүүнү карайт.
“Тамчы” АКИА аймагындагы бардык талаш-тартыштарды англис укугуна негизделген Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борбору карайт.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен англис укугун киргизүү боюнча эксперттик жардам көрсөтүүчү консультанттардын тобу тартылган. Учурда Кыргызстанда коммерциялык жана инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн нейтралдуу жана ишенимдүү борбор түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул борбор дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбага негизделет.
Бул долбоор өлкөнүн заманбап, эл аралык деңгээлде таанылган, калыс талаш-тартыштарды чечүү аянтчасын түзүү максатына жетүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.
Мындан тышкары, Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборунда “Тамчы” АКИАсынын сыртына чыккан талаш-тартыштарды да англис укугунун принциптерине ылайык кароо мүмкүнчүлүгү каралууда.