“Тамчы” финансылык аймагын түзүү талкууланды

 “Тамчы” финансылык аймагын түзүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” мыйзамдын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу жыйын болуп өттү.

Белгилей кетсек, жогорудагы мыйзам “Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынып, аны ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча Жол картасы бекитилген.

Отурумда мыйзамды ишке ашырууну тездетүү үчүн далилдүү чараларды көрүү, пайда болгон маселелерди аныктоо жана аларды биргелешип чечүү жолдорун иштеп чыгууну талкуулашып, жыйынтыгында протоколдук тапшырмалар берилди.

Ошондой эле юстиция министри Аяз Баетов жана англис укугу боюнча министрликтин консультанттары тарабынан англис укугун колдонуу менен Кыргызстан үчүн талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борбордун түзүлүшү, анын иштөө тартиби жана максаты менен келечеги жөнүндө презентация жасалды.

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүүнүн максаты – Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, инвесторлордун, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун иши үчүн жагымдуу укуктук жана башка шарттарды түзүү боюнча комплекстүү системалуу чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

Связанный пост