Тамактануучу жайларда тейлөө акысы алынбайт

 Тамактануучу жайларда тейлөө акысы алынбайт

Министрлер кабинети коомдук тамактануу тармагында баанын ачыктыгын жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган жаңы токтом кабыл алды.

Документке ылайык тапшырыктын негизги наркынан бөлөк тейлөөчү сервировкалоо же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна жол берилбейт. Мындан ары бардык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдар менюда көрсөтүлгөн тамактын негизги баасына киргизилиши керек.

Тагыраагы жаңы эреже боюнча, коомдук тамак-аш объекттери тейлөө үчүн пайыздарды кошпогондо, келүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча шарттарды өз алдынча белгилей алат. Тапшырыктын негизги наркынан бөлөк тейлөөчү персоналдын тейлөө, тамак берүү, сервировкалоо же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна жол берилбейт. Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түзүмүнүн наркы менюда, прайс-баракчада же тапшырык берилгенге чейин керектөөчүгө жеткиликтүү болгон башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилүүгө тийиш. Төлөмдүн акыркы суммасы ачык сунушталган прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек.

Жаңы эрежелер негизсиз же жашырылган төлөмдөрдүн практикасын жоюуга багытталган жана керектөөчүлөргө тамактын акыркы наркы жөнүндө толук жана так маалыматты тапшырыкты алганга чейин берүү.

Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду, бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана ишкерлерге жаңы эрежелерге көнүү үчүн жетиштүү убакыт берилди.

Связанный пост